Малайзияда авиакырсыктан каза тапкан кыргыз жараны Айдана Байзиеванын сөөгү бүгүн, 10-апрелде Бишкекке алынып келинди. “Жүк 200дү” тосуп алууга маркумдун туугандары келишкен. “Бул биз үчүн чоң жоготуу болду. Айла жок, Айданабызды жоктоп кала бердик. “Жүк 200дү” Бишкекке алып келүүгө жардамдашкан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигине ыраазычылык билдиребиз”,- дейт Айдана Байзиеванын эжеси Наталья Байзиева.
Маалыматка таянсак, Айдана 8 жашар кезинде апасы кырсыктан каза тапкан (1998-жылы поезд сүзүп кеткен). Өзү Малайзиядан жогорку билим алып, атасынын жардамы менен ошол өлкөдө бизнес баштаган. Авиамектептен тик учак айдоо боюнча да билим алганы айтылды. Бирок кырсыкка кабылар күнү конок катары же учкучтун жардамчысы катары тик учакта болгону аныктала элек. А.Байзиева үй-бүлөдөгү жалгыз кыз болгон.
Эскерте кетсек, 4-апрелде Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында тик учак кулап, кырсыктан тик учакта болгон 6 адамдын баары каза табышкан. Алардын арасында өлкөнүн жергиликтүү аткаминерлери да болгон. Тик учактын учкучу АКШнын жараны, калган 4 адам Малайзиянын жарандары экени кабарланган. Алар Малайзиянын премьер-министринин кызынын тоюнан кайтып келе жатышканда кырсыкка кабылышкан (Малайзиянын премьер-министринин кызы Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын өгөй баласына турмушка чыккан).