15-февралда Нарын шаардык мэриясына Баткен жана Исфана шаардык мэриясынын өкүлдөрү тажрыйба алмашуу максатында иш сапары менен келишти. Мындай демилгени Баткен облусундагы “Инсан-Лейлек” коомдук бирикмеси көтөрүп чыккан. Делегаттардын курамында Баткен жана Исфана шаардык мэриясынын, аталган шаарлардын суу-канал жана санитария мекемелеринин өкүлдөрү жана шаардык кеңештин депутаттары, жалпы 11 адам бар. Делегаттар алгач Нарын шаардык “Таза-Нарын” ишканасында болуп, ал жердеги бардык ишкерлер менен пикир алышуу жүрдү. Андан соң Нарын шаардык суу-канал ишканасында болушту. Ал жактагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышкан соң Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев менен жолугушуп, шаардагы долбоорлордун негизинде ишке ашкан программалар менен таанышышты.