Жогорку Кеңештин депутаттары Ататүрк атындагы сейил бакка ишембиликке чыгышты
Бүгүн, 11-апрелде төрага Асылбек Жээнбеков
баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, аппарат менен иш
башкармалыктын кызматкерлери
Бишкек шаарындагы Ататүрк атындагы сейил бакка ишембиликке чыгышты. Иш-чарага
Республикалык ветерандар кеңешинин төрагасы Тарас Токомбаев баштаган Улуу
Ата Мекендик согуштун
ардагерлери да катышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө аталган сейил бакка көчөт отургузулду. Ошондой эле
2014-жылы ушул эле сейил бактын аймагында парламентарийлер тарабынан отургузулган карагайлар сугарылды.