Сузактагы “Телтору” ат майданында Улуттук оппозициялык кыймылдын курултайы жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, курултайга 200гө жакын адам келген. Анда «Кумтөр», электр энергиясына болгон баанын жогорулашы, депутаттарды кол тийбестик укугунан ажыратуу маселелери талкууланып, андан соң тарап кетишкен.
Буга чейин курултай саат 10:00гө белгиленген. Бирок аймактан келген катышуучулардын кечиккендигине байланыштуу саат 13:00дө башталган.