Бүгүн, 11-апрелде Бишкектеги №71-мектеп-интернатында окуган 80 кароосуз калган балага арналып жарманке жана чакан концерттик программа уюштурулду. Иш-чарага чакырылган демөөрчүлөр, коноктор даам сызып, балдардын колунан жаралган эмгектерди көрүп, чакан концерттик программага күбө болушту. Бул акцияны кароосуз калган балдарга туура багыт берүү максатында уюштуруп жаткандарын айткан уюштуруучулар төмөнкүчө ой бөлүшүштү:
"Балдар үйлөрүндө тарбияланып, кийин өз алдынча болгон жаштардын жаман жолго түшүп кеткен учурлары көп. Мындай көрүнүшкө аз да болсо бөгөт койгонго аракет кылып, ушул иш-чараны уюштурдук. Тамак-аш жарманкесинен чогулган каражатты ушул 80 баланын чыгашаларына жумшайбыз". Кошумчалай кетсек, концерттик программанын жүрүшүндө бир катар эстрада ырчылары обон созуп, окуучулар бийлеп, ырдап, комуз чертип, өз таланттарын көрсөтүштү.