Бүгүн өлкөдөгү экономикалык абалды талкуулоо үчүн парламенттик угуу өтөт

Бүгүн, 13-апрелде өлкөнүн каржылык-экономикалык жагдайын талкуулоого арналган "Кыргыз Республикасынын каржы-экономикалык жаатында түзүлгөн абал" темасында парламенттик угуу өтөт. Парламенттик угуу өткөрүүнү Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети демилгелөөдө. Парламенттик угууга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт жана жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана башкалар катышат. Анда өлкөдөгү экономикалык абал талкууланып, кемчиликтер, сунуштар айтылат. Жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан