“Эл аралык тажрыйбада экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо маселелеринде алгач эскертүү жана алдын алуу принциптери иштейт. Мамлекеттик экология-техникалык инспекция да ушундай принциптерди карманышы керек”. Бул сунушту төрага Асылбек Жээнбеков КСДП фракциясынын 15-февралдагы жыйынында билдирди. Ошондой эле төрага аталган инспекциянын мекемелеринин курулушун текшерүүлөрдү пландоо, долбоорлоо жана ишке ашыруу өз учурунда жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи. “Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын иштегенине бир гана жыл болду. Биз өлкөдөгү экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо маселелери бул инспекциянын көзөмөлүндө болоруна ишенебиз. Ал жерде иштеген инспекторлорго бардык шартты түзүп беришибиз керек”,- деди төрага.