Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 13-апрелде президенттик аппараттан билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 25-февралында кабыл алынган.
Өзгөртүүлөр жана толуктоолор "Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Жарнак жөнүндө" мыйзамга киргизилди.
Мыйзамдын негизги максаты - кумар оюн ишине, ошондой эле кумар ишин уюштурууга жана кумар оюн жайларын (букмекердик кеңселер жана компаниялар, тотализаторлор) кармоого тыюу салуу. Мыйзам менен биринчи ирет кыргыз мамлекетинин жаш муунуна, кумар оюндарына кызыккан адамдарга адеп жана психикалык абалына негативдүү таасир кылган шарттарды түзгөн негиздер жок болот.
Мыйзам каржылык бузуулардын санын кыскартууга, республикада криминогендик жагдайды азайтууга, жашы жете элек адамдардын жана калктын социалдык жактан корголбогондордун кумар оюндарына катышуусу менен пайда болгон социалдык көйгөйлөрдүн алдын алууга багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.