Кыргызстанда 2012-жылы 46 ымыркай тубаса жүрөк кемтиги оорусу менен төрөлгөн. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Аталган оору менен төрөлгөн балдарга жашоосунун алгачкы күндөрү, кээде биринчи сааттарда хирургдардын жардамы керек болот. Ошол себептен оорулуу балдардын 29уна операция жасалган. Бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 4 эсеге көп. Ошондой эле ушул жылдын январь айында эле ар кандай тубаса оорусу бар 10 ымыркай төрөлгөн. Алардын ичинен 9 ымыркайга операция жасалган.