Жогорку Кеңештин комитети мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорун 3 окууда жактырды

Бүгүн, 13-апрелде парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун 3 окууда жактырды.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк өлкөнүн жайыттарын жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү багытында жалпысынан 15 миллион доллар каржы бөлөт. Анын ичинен 6,75 миллион доллары гранттык, 8,25 миллион доллары жеңилдетилген насыя болуп саналат.
“Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоору Чүй жана Талас облустарын камтыйт. Долбоор 2015-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде ишке ашырылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан