Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Япониядагы кыргыздар менен жолугушту

Япониянын борбору Токио шаарында 11-апрелде кыргыз мамлекетинин Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү аталган өлкөдөгү кыргыз диаспорасы менен жолугушту. ТИМдин маалыматына таянсак, жолугушууда Кыргыз Республикасынын шайлоо системи, алдыдагы шайлоолор, биометрикалык маалымат тапшыруу тууралуу пикир алышуу болду. Биометрикалык маалыматтарды жыйноо шайлоолорду таза жана ачык өткөрүүгө багытталганы, жарандар добуш берүүгө катышуу үчүн сөзсүз биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керектиги айтылды.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан