"Кыргыз мамлекетинде зомбулукка кабылган балдардын көпчүлүгүнүн ата-энелери гезит окушпайт, сыналгы көрүшпөйт, интернет колдонушпайт". Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде маалымат жыйынында Балдарга жардам берүү борборунун директору Динара Давлетбаева билдирди. Анын айтымында, мындай үй-бүлөлөр жаңылыктардан артта калган, коомдук чөйрөдөн алыс жарандардан турат.
“Балдарга зордук-зомбулук болгон үй-бүлөлөр жакыр жашашат. Жетишпестиктин айынан балдар жакшы каралбай, ур-токмокко көп учурашат. Мындай үйдө чоңоюп жаткан балдар үчүн зомбулук кадыресе көрүнүшкө айланып калган. Кийин булар өз үй-бүлөсүндө да балдарды уруп тарбиялаган туура деп ойлоп калышат. Бул ата-энелер мыйзам бузуп жатышканын билишпейт. Азыркы учурда балдарга көрсөтүлгөн зомбулук үчүн 4 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажырап жаткандар бар”,- деди Давлетбаева.