Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы рейд уюштурду. Анын алкагында Чүй-Сүйүнбаев көчөсүндө жайгашкан бут кийим сатуучу жайдын аймагында санитардык нормалар сакталбай, шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузулганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жайдын аймагы антисанитардык абалга жетип, айланасына таштандылар баш аламан ташталган. Аталган инспекция тарабынан КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 488-беренеси боюнча Коч Якубдун атына протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.