Жогорку Кеңештин депутаттары Ош-Бишкек жолундагы Көк-Арт көпүрөсүн оңдоо иштери менен таанышышты

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөлөрү бүгүн, 13-апрелде Ош – Бишкек жолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышышты.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаевдин айтымында, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги көпүрөнү реконструкциялоого 1 миллиард 196 миллион япон йени көлөмүндө гранттык каражат бөлгөн. 

Курулуштун 72 пайызы бүткөнү, көпүрөнү жайга чейин ишке берүү пландалууда. Көпүрөнүн эни кеңейтилип, жаңы мамылар менен конструкцияларды орнотуу иштери жүрүп жатканы айтылды.

Депутаттар долбоордун жетекчилери менен адистерге курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу, жергиликтүү бийлик жетекчилерине курулуштун жүрүшүн катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасын беришти.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан