ЭЛДИК КАБАР: Чоң-Арык айылындагы үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган унаа күйүп кетти

9-апрелден 10-апрелге караган түнү Чоң-Арык айылындагы үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган Хонда Одиссей унаасы күйүп кетти. Бул тууралуу окурман 13-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, кылмышка шектүү болуп жаткан эки адамды Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жаап-жашырып жатышат. "Окуяга күбө болгондор ошол учурда кырсык болгон жерден эки баланы көрүшкөнүн айтып беришти. Бирок учурда милиция кызматкерлери факты боюнча шектелип жаткан адамдарга кылмыш ишин козгоодон баш тартышууда",- деп билдирди окурман.  

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
begai93
2015-04-13 15:03:06
Бул да болсо ич куйдулук да.ушу ичи куйгон адамдардын ичтери орттонуп олсо болмок!
0
kazemir
2015-04-13 20:54:14
Келме кезек- терме тезек деген Ким кылса эртеби кеч эшигини такылдатып озу башына келет!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан