Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси менен өлкөнүн каржылык-экономикалык жагдайын талкуулоого арналган "Кыргыз Республикасынын каржы-экономикалык жаатында түзүлгөн абал" темасында ачык парламенттик угуу өтүп жатат.
Жыйында депутат Феликс Кулов өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, айрым министрликтерди жоюп, алардын ордуна департамент түзүү керек. "Мисалы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жоюп, ИИМдин курамына киргизүү туура. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эч кандай нааразычылыгыбыз жок, бирок бизде ӨКМны каржылоо Орусияныкындай эмес. Бизде тик учактарды, атайын кымбат баалуу техникаларды сатып алууга мүмкүн эмес. Убагында Бишкек-Ош унаа жолун кардан тазалоо иштерине араң каражат тапканбыз",- деди Кулов.