"Өкмөт башчыга министрлерди кызматтан бошотууга жана шаар башчыларын, акимдерди дайындоого укук берүү керек",- деп билдирди депутат Феликс Кулов бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда. Жыйында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси менен өлкөнүн каржылык-экономикалык абалы талкууланууда. Кулов баяндама жасап, анда жакынкы арада фракция лидерлери чогулушуп, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү аркылуу бийликти бекемдөө маселесин талкуулашарын айтты.