Президент Алмазбек Атамбаев «Басма иши жөнүндө» "КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Бул мыйзам басма сөздүн мамлекеттик архивин түзүү, басма сөздү эсепке алуу жана статистикасын жүргүзүү, библиографиялык сыпаттоо үчүн милдеттүү акысыз нускалардын санын аныктоочу жоболорунун карама-каршылыгын жоюу максатында кабыл алынган. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган.