Өлкөдө эмгек акы былтыркыга салыштырмалуу 8,8 пайызга өскөн

Быйылкы жылдын январь-февралындагы бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды кошпогондо) 11 696 сомду түзүп, өткөн жылдын январь-февралына салыштырганда 8,8 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жайлообаева билдирди. Анын айтымында, керектөө бааларынын эсеби менен эсептелип чыгарылган реалдуу көлөм, тескерисинче, 2,2 пайызга төмөндөгөн.    

“КРнын Улуттук банкы тарабынан аныкталган расмий курстун натыйжасында 2015-жылдын январь-февралында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 194,5 АКШ долларын түздү. Эмгек акыны төлөө боюнча жалпы карыздын суммасы 2015-жылдын 1-мартына карата жалпы республика боюнча 301 миллион сомду түздү жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырганда 13,5 пайызга жогорулады”,- деди адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
don_quixote
2015-04-13 18:36:38
Инфляция 15, 20% болду.
0
pompowa
2015-04-13 18:51:00
Каерде которуптур
0
Deesmond
2015-04-13 18:52:34
Ошондо 12500 болдубу???
0
SHATY
2015-04-13 19:45:32
Калпты ышкырткан окшойт, менин айлыгым айзайып кеттиго.
0
edu.kg.
2015-04-13 20:19:18
Биздин статистикага ишенип болбойт. Кочого чыгып сураштырып элдин жагдайын байкап анан жыйынтык кылышса жакшы болмок эле. Кочодо кризис эо аран нан таап жеп атышат ..анан кандай айлык акы которулот? Мумкун оздору учун левый айлыктарын айткандыр.
0
kubat_1973
2015-04-14 13:10:00
Айлык 8.8 пайызга оссо азык тулук кийимге болгон баа андан он жыйырма эсе осту го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан