“2012 DA 14” астероиди Жерди өтө жакын аралыкта жандап өттү

“2012 DA 14” астероиди эч кандай кырсыксыз, бирок Жерди өтө жакын аралыкта жандап өттү. Аталган астероид 15-февралдан 16-февралга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:25те Жер планетасынан 27,7 миң чакырым алыстыкта учуп өттү. Окуянын жүрүшүн америкалык NASA уюму түз эфир аркылуу чагылдырууга үлгүрдү. Бул асман телосунун Жерге өтө жакын аралыктан өтүшү окумуштууларга кайталангыс шарт түзүп бергенин айтууда аталган уюм. Анткени астероидди Жерге жакын аралыктан изилдөө мүмкүнчүлүгү жаралган. Аталган астероид окумуштууларга 2012-жылдын 23-февралынан бери белгилүү. Анын диаметри 45 метр, салмагы 130-180 тонна экендиги айтылып келет.

Белгилей кетсек, 15-февраль күнү эртең менен Орусиянын бир катар облустарына метеорит калдыктары түшүп, жүздөгөн имараттар талкаланса, кырсыктан жабыркагандардын саны миңден ашкандыгы айтылууда. Бул окуядан соң окумуштуулар "2012 DA 14" астероиди 15-февралдан 16-февралга караган түнү Жер планетасына өтө жакын өтө тургандыгын болжолдошуп, ал тургай дүйнө жүзүнө коркунуч туулушу мүмкүн экендигин да айтышкан. Окумуштуулар билдиргендей, бул астероид жерге түшсө, бүтүндөй бир шаарды тыптыйпыл кылып салууга күчү жетмек.

Сүрөттө:

1. Аталган астероиддин космостон көрүнүшү (шакекченин ичинде).

2. Астероид Жерди кандайча жандап өткөндүгүнүн жалпы көрүнүшү (Жер - шакекченин ичинде).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан