Жалал-Абад шаарында жайгашкан 463 ар кандай деңгээлдеги, чоң жана кичи мекеме-ишканага Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата “1941-1945-жылдарда Ата Мекенди коргоочулар түбөлүк эсте калсын!” аттуу марафонго чакыруу жиберилди. Шаардык мэриядан кабарлашкандай, марафон 15-апрелде облустук Барпы атындагы драма театрынын имаратында өткөрүлөт. “Эл, жер үчүн кашык канын аябай салгылашып, Ата Мекенди коргогон кымбат жана ардактуу ардагерлерибизди материалдык жактан колдоо үчүн өткөрүлүүчү бул маанилүү иш-чарага активдүү катышып, өз салымдарын кошот деген ишеничтебиз”,- деп жазылат маалыматта.