Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 13-апрелде Азербайжан Республикасынын кыргыз мамлекетиндеги элчиси Гидаят Худуш оглу Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.
“Кыргыз мамлекети Азербайжан менен достук, бири-бирине ишеним арткан мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Былтыркы жыл биздин кызматташууда жемиштүү жыл болду. Кыргыз Республикасынын элчилигинин Азербайжанда ачылышы өзгөчө бир окуя болду”,- деди
Төрага эки тараптуу парламент аралык байланыштарга жогорку баасын берип, Жогорку Кеңештин Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын маалымдады. Ошондой эле Жээнбеков кыргыз жерине Азербайжандын Милли Межилисинин төрагасы Октай Асадовдун расмий иш сапары менен келиши күтүлүп жаткандыгын баса белгиледи. “Бул иш сапар парламент аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жаңы импульс берет”,- деп кошумчалады ал.
Элчи Г.Оруджев эки тараптуу кызматташуунун жанданышы менен кеңейишинде Жогорку Кеңеш өзгөчө роль ойногондугун билдирди. Ошону менен катар элчи мындан ары дагы кыргыз-азербайжан ортосундагы тыгыз карым-катнашты өнүктүрүүгө болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын баса белгиледи.
Жолугушууда эки мамлекеттин ортосунда экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүү жана тереңдетүү маселелери боюнча пикир алышуу болду.