Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт

2015-жылдын 15-16-апрелинде аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу 14-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, өлкө боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°С, күндүз 8…13°С жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°С, күндүз 11…16°С жылуулукка чейин төмөндөйт.

17-18-апрелде Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде, айрым жерлерде 0…-2°Сга чейин үшүк, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -2…-4°Сга чейин үшүк жүрүшү күтүлөт

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө коркунучтуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан