Бишкек шаарынын 4-кичи районунун тургундары аймактык инспекторлордун жумушуна, жолдордун оңдолбогонуна нааразы

Бишкек шаарындагы 4-кичи райондун тургундары калаанын азыркы абалына нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Октябрь районунун акими Болот Алымкулов 4-кичи райондун жашоочулары менен №17-орто мектепте жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө шаар тургундары каалаган жерге туруп товар саткан соодаргерлер, жарнамалык баннерлер, мыйзамсыз орнотулган соода павильондору борбордун жалпы көрүнүшүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтышты.

Ошондой эле шаардыктар аймактык инспекторлордун жумушуна, жолдордун оңдолбогонуна жана ирригациялык системдердин азыркы абалына нааразы экендиктерин билдиришти.

Өз учурунда район башчы баш аламан соода жүргүзгөндөр менен сөз кыска болорун айтып, алар менен күрөшүү боюнча иш-аракеттер жакында кайрадан жанданарын убада кылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан