Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэнге Ардак грамота тапшырды
15-февралда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэнди анын элчилик миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Өкмөт башчы элчиге кыргыз-кытай достук мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ага өкмөттүн Ардак грамотасын тапшырды. Өз кезегинде элчи мындан ары да эки өлкө аралык кызматташтыктын өнүгүшүнө аракет жасай турганын айтты.