Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна чектөө киргизилди
15-февралдан баштап Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда жол жүрүүчүлөргө чектөө киргизилди. ӨКМ кабарлагандай, бул чектөө аталган унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу болду. Учурда Кара-Кулжа районунун акиминин чечимине ылайык, жолдун 22 жана 115-чакырымына райондук посттор коюлуп, саат 18:00дөн 08:00гө чейин унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө болууда.