ЭЛДИК КАБАР: Баткенде айгүл гүлү гүлдөдү

Баткенде айгүл гүлү гүлдөдү. Бул тууралуу окурман 14-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Гүлдүн илимий аты - эдуард чаар гүлү, жыл мезгилинин апрель айында 10-15 күнгө гана гүл ачып турат. Бийиктиги 30 сантиметрден 2 метрге чейин жетип, гүл өскөн аймак 5-6 гектар аянтты ээлейт. Бирок бул гүлдүн башка гүлдөрдөгүдөй жыпар жыты жок. 
"Жыл сайын 15-апрелде гүлдү коргоо үчүн атайын иш-чаралар уюштурулуп турат. Эртең да уюштурулмакчы",- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
amanatym
2015-04-14 11:21:37
сонун го
0
baba.
2015-04-14 11:26:08
Айгулум гулум Айгулум! алдындан жытын жыттап коро элегиме канча болду.....
0
Deesmond
2015-04-14 12:24:23
baba., жыты жок дейт го
0
football1
2015-04-14 22:51:34
Deesmond, билбеген корбогондор айта беришет жыты жок деп
0
Ravshan91
2015-04-14 12:44:35
Бир гана Баткенде Айгулу
0
aiba_00
2015-04-15 11:45:54
ушуп кетпейби эми, заморозка деп атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан