“Өлкөдө арыктарды тазалоо иштери 30-апрелге чейин бүткөрүлүшү керек эле, иш кечеңдеп жатат” дейт өзгөчө кырдаалдар министри

Өлкөдө арыктарды тазалоо иштери жана сел сууларынын арыктардан ашып кетпешине шарт түзүлбөй жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде маалымат жыйынында КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын 30-апрелине чейин жер-жерлерде арыктарды, каналдарды калыбына келтирүү үчүн ишембиликтерди өткөрүү боюнча тапшырмалар берилген.

“Тилекке каршы, берилген тапшырмалар аткарылбай жатат. Быйыл кар абдан көп жаады, көп өтпөй күн ысый баштады, дарыялардагы суулар көбөйүшү мүмкүн. Кырдаалдар мындан ары да кайталанбаш үчүн жергиликтүү айыл жетекчиликтерине кайрылат элем, ишембиликтерди өткөрүүнү жандантыш керек”,- деди министр Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан