"Бирдиктүү нөөмөт диспетчердик кызматына чалгандардын 70-80 пайызы ойноп чалгандар” дейт министр

“112” бирдиктүү нөөмөт диспетчердик кызматына чалгандардын 70-80 пайызы ойноп чалгандар. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде маалымат жыйыны учурунда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, бул кызмат коомчулукка жакшы кире элек. Ошондуктан жалган чалуулар, балким, текшерүү иретинде көп болушу мүмкүн.

112” бирдиктүү нөөмөт диспетчердик кызматы 2014-жылдын 15-декабрынан бери Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында коюлуп, иш алып барууда. Ал Бишкектеги Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда жайгашкан. Учурдан пайдаланып биздин жарандарга кайрылат элем, ойноп чалгандан мурда жакшылап ойлонуңуздар. Балким, дал ушул маалда бирөөгө бул кызмат керек болуп, сиздин айыңыздан чала албай калышы мүмкүн”,- деди министр Боронов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан