ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте автоунаалар шаарга көрк бере турган көк чөптү тебелеп токтотулууда

Бишкектеги Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаалар баш аламан токтотулууда. Шаарга көрк кошо турган көк чөп майкандалууда. Бул тууралуу 14-апрелде окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окурман мындай өзүм билемдикке жол берилбеши керектигин айтып, сүрөттөгү автоунаалардын ээлерине чара колдонууну тийиштүү органдардан талап кылат. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Lintel
2015-04-14 12:39:40
ылайыктуу паркавка жок болсо токтотот да. жер алдына Парковка кылса ошондо токтобой калат
-2
raku
2015-04-15 11:54:00
тротуар менен шуулдатып айдашат машиналарын, жөө жүргүнчүлөргө пипилдетип, кадимки чоң жолдо бараткансып!

тротуарга кире албашы үчүн столбдорду орнотуп коюш керек.
0
aiba_00
2015-04-15 14:29:44
ГАИ лер эмнеге мындай Джиптерге тийишпейт, корсо да кормоксон, жонокой машина токтосо номерлерин чыгарып кетишмек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан