Чүй. Москва районунун Садовое айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн 3 кабаттуу үй курулууда

Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине 3 кабаттуу 18 батирлүү үй курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде ӨКМ тарабынан журналисттер үчүн өткөргөн пресс-турда белгилүү болду. 

Маалым болгондой, курулуш былтыр октябрь айында башталган. Учурда дубалдар тургузулуп, терезелер орнотулган. Жаңы үй апрелдин аягына барып толук бүткөрүлөт, бирок кызматкерлерге Жеңиштин 70 жылдыгына карата 8-майда берилет. 

Айта кетсек, учурда министрликтин кызматкерлеринин 30 пайызы гана үй менен камсыз болгон. Ал эми дагы 8 батирлүү үй Ош облусунда курулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан