Каныбек Осмоналиев, депутат: "Өлкөнүн келечеги - парламентаризмде"

"Парламентке ар кандай сын айтылбашы үчүн ал жерге ар кайсы тармактарда иштеген тажрыйбалуу адистер көп келиши керек" дейт депутат Каныбек Осмоналиев "Парламент" радиосуна берген маегинде. Ал эми парламенттеги фракциялардын ишмердүүлүгү тууралуу буларга токтолду: “Жогорку Кеңештин 5 фракциядан турушу - саясий атаандаштык, ачыктык үчүн жакшы шарт түзүүдө. Көчө демократиясы парламентке кирди, келечек парламентаризмде. Жогорку Кеңешке бир эле партия келип калса, ал өнүгүүнүн жасалма түрүн таңууламак. Кокту-колот болуп бөлүнбөй, партиялар өнүгүш керек” деди. Депутат ошондой эле парламентаризмди өнүктүрүүдө ММКлардын да орду жана жоопкерчилиги чоң экенин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан