Асылбек Жээнбеков Литванын Сеймисинин төрагасы Видас Гедвиласка улуттук майрамына байланыштуу куттуктоо жөнөттү

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Литва республикасынын Сеймисинин төрагасы Видас Гедвиласка улуттук майрамы - Литва мамлекетинин калыптануу күнүнө карата куттуктоо катын жөнөттү. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй: “Сизди улуттук майрамыңыздар болгон Литва мамлекетинин калыптануу күнү менен чын дилимден куттуктайм. Эки өлкө жана эки эл үчүн Кыргызстан менен Литванын ортосундагы парламенттер аралык эки тараптуу мамилелердин мындан ары дагы бекемделишине чын ыкластан үмүт артам. Сизге бекем ден соолук, бакыт, өлкөңүзгө багытталган иштериңизге ийгиликтерди, ал эми Литва элине тынчтык каалайм”. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан