Биз социалдык тармакта

Бишкектин мэриясы жаңы төрөлгөн төрт эмге 100 миң сом бөлүп берди

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы төрөлгөн төрт эмге 100 миң сом материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Айгүл Рыскулова төрт эм баланы төрөгөн Гүлайым Абдылдаеванын жана анын балдарынын абалын сурап, белек тапшырды.

“Жаңы төрөлгөн наристелер биздин каттообузда турат. Биз аларга жардам беребиз”,- деди Рыскулова.

Айта кетсек, 9-апрелде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүндө төрт эм төрөлгөн. Аларга Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек жана Камчыбек деген ысымдар ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
esenbek81
2015-04-14 20:32:27
Өкмөт уят үй бериш керек болчу 100миң не азыр мурдагы 10миң сом ал =)
-1
nur0077
2015-04-14 20:42:51
Чондордун бир жолку алган парасына 4комнат уй келмек,Кулматов,Атамбаев дегендер уялбайт экен да.болбогон 1 эстелик учун 10-15милион акча жумшайт.наристелерден акча аяп,болгон тыйыны бу.Уялсанар боло....
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан