Талас. "Тамашоу" Лигасынын аймактык филиалынын ачылышы болуп өттү

7-ноябрь күнү Талас шаарында А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте “Тамашоу” Лигасынын "Тамашоу-Талас" филиалынын ачылыш аземи өттү. Күзгү фестивалга Талас облусунан мектеп окуучуларынан, ЖОЖ студенттеринен топтолгон 12 команда катышты. Булардан тышкары Жогорку Лигадан “Кыргыз двор” курама командасы келди. Фестивалды “Тамашоунун” президенти Эрмек Нурбаев ачты. 2 саатка созулган фестивалдын жыйынтыгында “Эң мыкты оюнчу” наамын “Тентектер” (Талас мамлекеттик университети) командасынын оюнчусу, “Эң мыкты тамаша” наамын “Ак калпактар” (ТМУ) командасы, ал эми “Эң мыкты команда” наамын эң кенже окуучулардан түзүлгөн (4 кыз) “Октябряттар” командасы алып кетти.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан