Кубатбек Бороновду ооганчылар "Эмгек сиңиргендиги үчүн" медалы менен сыйлады
15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги менен советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 24 жылдыгына карата салтанаттуу жыйналыш болуп, ага министрликтин өздүк курамы, ЖКнын депутаты, Ооган согушунун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кожобек Рыспаев жана Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин иш башкаруучусу Тыныбек Кадыров катышты. Министр Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде учурда Ооган согушунун 19 ардагери кызмат өтөп жатканын айтып, бул согуштун ардагерлерин куттуктады. Жыйында ӨКМнын Ардак грамотасы менен Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин иш башкаруучусу Тыныбек
Кадыров
сыйланса, министрликтин “Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн” медалы менен Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы Нурлан Төрөбеков, Ооган согушунун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кожобек Рыспаев сыйланды. Ал эми жыйынга чакырылган коноктор Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин “Эмгек сиңиргендиги үчүн” медалын ыйгарышты.