ЭЛДИК КАБАР: Тажикстанда жерге-талдык кыргыздар митингге чыгышты

Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган кыргыздар митингге чыгышты. Бул тууралуу окурман бүгүн, 15-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын билдиришинче, жерге-талдык кыргыздардын дыйканчылык кылчу үлүш жерлерин аскер кызматында иштегендер басып алышкан. "Өткөн жылдын күз айларында 350 гектар жерди басып алышкан болчу. Район эли жергиликтүү бийлик органдарына кайрылып, маселени чечип берүүнү талап кылып келет, бирок бийлик өкүлдөрү элди укпай койгондуктан, эл митингге чыгууда",- деди окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
banda-312
2015-04-15 12:17:23
Тажикстанда митинг кыла баштадыбы а эми
+1
ainuska00
2015-04-15 12:21:09
banda-312,уйроттук да
+1
mekenchil_jigit
2015-04-15 21:16:13
banda-312, Билишимче Жергеталда кыргыздар көпчүлүк болуп эле жашайт. Чыкса кыргыздар чыкса керек тажиктер андай кыла албай калдыгоо
+1
baisal1
2015-04-15 12:31:05
Каныда барда.
+2
kamchatka
2015-04-15 12:40:45
каныда барде :)
0
kg.oruk-zar
2015-04-15 12:48:18
Мурда кыргыздын жери еле болчу атка минерлер сатып тажикстанга отуп кеткен да
+8
don_quixote
2015-04-15 13:09:39
СССР жаны курулуп, эл каттоо болгондо, кыргыздар жайлоого чыгып кетип, жакада 5,6 тутун тажик калган экен. Ошондо тажиктер жашайт экен деп, Жерге-Тал, Мургаб Тажик ССР не карап калган дешет тарыхчылар.
+8
kamal777
2015-04-15 16:42:37
Кыргызстарга кызым корсотуп жатканы корунуп турат. Алардын максаты кыргызстарды ал жерден суруп чыгуу.
+1
Sadyrov_n93
2015-04-15 22:16:03
Жакшы кылышыптыр,оздорунун укугун коргоп,жон отурбай.
0
erikkarakulja
2015-04-15 22:43:47
Башка жакта ошошндой кысым кылат. Бизде депутат кылышат.
0
kama_future_millioner
2015-04-15 23:53:02
Ошондо ал жер тажикстанга карайбы жерге тал деген
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан