Ак-Суу районунун Пионер айылында жаңы мектеп ачылды
15-февралда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Пионер айылында баштагыч класстардын окуучулары үчүн жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Аталган мектеп бул райондогу Ново-Константиновка айылындагы О.Элебесов атындагы орто мектептин филиалы болуп саналат. 96 орундуу мектептин ачылышына вице-премьер-министр Камила Талиева катышып, окуучулар үчүн компьютерлерди белекке берди. “Мурда бул айылдын окуучулары коңшу айылга 3 чакырым жол басып барып окушчу. Мындай көрүнүш балдар үчүн кышында оор болчу”,- деген Талиева жергиликтүү тургундарга жана облустун жетекчилигине мектепти курууга кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.