Акыркы 7 жылда кыргыз мамлекетинде окуган чет элдик студенттердин саны 2 эсеге азайган

Акыркы 7 жылдан бери кыргыз мамлекетинде окуган чет элдик студенттердин саны 2 эсеге азайган. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыханов билдирди. Анын айтымында, 2007-жылы кыргыз жергесинде билим алган чет элдик студенттердин саны 23 миң болгон. Ал эми былтыр алардын саны 11 662 студентти түздү.

Чет элдик студенттердин 8 миңи КМШ мамлекеттеринен келгендер. Акыркы 7 жылда чет элдик студенттердин мынча азайышы биринчи ирет республикада болуп өткөн революцияга байланыштуу болгон. Көп мамлекеттер ошол окуялардан кийин студенттерин чыгарып кетишкен”,- деди Шадыханов.

Адистин айтымында, 2014-2015-жылдары 14 651 кыргыз студенти чет жакка окууга кеткен. “Алардын эми мекенине келип иштеши күмөн. Буга эң башкы себеп - өлкөдөгү айлык акынын көрсөткүчтөрү”,- дейт адис.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан