Президент Алмазбек Атамбаев "Электр энергетикасы жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" КРнын Мыйзамына кол койду. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган. Мыйзамда электр энергиясына болгон төлөмдөрдү алдын ала төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилген. Ошондой эле бул мыйзамга ылайык, электр энергиясын эсептегич жабдыктар электр берүүчүлөр тарабынан акысыз орнотулат.