Мектеп окуучуларына алдыда кесип тандоого жардам берүүгө багытталган “Биздин мектеп” аттуу бир айлык башталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде маалымат жыйын учурунда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди. Анын айтымында, учурда мектеп окуучулары кайсы кесип ээси боло турганын туура тандоо керектигин жакшы биле беришпейт.
“Мектепти мурун бүтүрүп кеткен биздин жаштар кесипти кантип тандоо керектигин жана кандай кыйынчылыктар бар экендиктерин жакшы билишет. Алардын бул жааттагы тажрыйбалары мектепти эми бүтүрөм деп турган окуучулар үчүн өтө маанилүү. Мисалы, мен жакында өзүм окуп кеткен айылдагы мектебиме барып, 10-11-класстын окуучулары менен жолугушайын деп турам, сиздерге дагы бир аз убактыңарды бөлүп, көптөн бери бара элек мектептериңерге барып кетүүнү сунуш кылат элем”,-деди министр.