Азыркы учурда Жогорку Кеңеште 131 мыйзам долбоору кароодо турат. Бул тууралуу өкмөтттүн маалымат кызматы билдирет. Ал эми 1-февралдан 15-февралга чейин ЖК тарабынан 58 мыйзам долбоору жана 3 токтом кабыл алынып, президент тарабынан 35 мыйзамга кол коюлган. Мындан сырткары 4 мыйзамга өлкө башчы каршы пикир билдирген.