16-февралда Бишкек шаарынын жаштары өз демилгелери менен А.Токомбаев көчөсүндөгү жолдун жыртык-тешиктерин боёп чыгышты. Акциянын катышуучуларынын айтымында, негизги максат жолдордун көйгөйүнө бийликтегилердин көңүлүн буруу, ошондой эле айдоочулардын аңдардан сак болуусуна жардам көрсөтүү болуп саналат.