Февраль айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жалпы салмагы 1 тонна 200 килограмм болгон жаңгак уюлдары уурдалган. Бул маалыматты бүгүн, 18-февралда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атажанов билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз жаңгак уюлун казып кармалган жарандарга Сузак райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Айта кетсек, бүгүн аталган комитетте «КРда өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.