ЭЛДИК КАБАР: Ноокенде чегирткелер 500 гектарга чукул жердин чөбүн зыянга учуратышты (фото)

Ноокен районундагы Достук айыл аймагында чегирткелер тоют алынуучу жерлердин чөбүн зыянга учуратышты. Бул тууралуу окурман 17-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, чегирткелер жалпы 500 гектарга чукул аймактын чөбүн жеп салышкан. "Алдын ала көрүлүүчү чара жок болуп жаткандыктан, район эли тоют маселесине тынчсызданууда. Ошондуктан буга өкмөт тез арада чара көрбөсө болбойт",- деди окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Kairatmyn
2015-04-17 13:26:00
Тооба кылыш керек Аллах таалам кайсыл бир коом бузулса ал коомго кыйынчылык сыноо берем деген. Аллах таалам берген женил сыноосуна Адам баласы биз ушундай алсыз болуп калабыз кордунорбу чегирткеге кучубуз жетпей калат. Аллах улук. Жер менен асманды. Ай менен кунду, карангы менен жарыкты. Адам менен чегирткени жараткан аллах. Аллах каалабаса адамдын кучу чегирткеге да жетпейт!!!!!!
+8
Arti
2015-04-17 16:45:28
Kairatmyn,Кытайларды каптатып жибериш керек ошол жака. Беш эле муно берчи кандай эле кучу жетпей экен. Терип эле кетет бирден болсо да.
-2
begai93
2015-04-18 03:33:27
Arti, "Эгер Аллах каалабаса чегирткелерге адамдын кучу жетпейт",деп атат. Эгер Аллах кааласа керек болсо ошол чегирткелер кытайларыны бирден терип жеп койот!!!
0
altysha.kg
2015-04-17 13:50:39
Kairatmyn туура айтасыз
0
bazar
2015-04-17 14:10:00
Динди бетке кармап эле, "Аллах каалабай жатат", деп кол куушуруп отура бербей, күрөшүш керек. Саранча деп койот муну. Казакстанда кеңири жайылган. Кече эле пайда боло калган жок бул чегиртке.
0
Qnet
2015-04-17 14:14:03
bazar, албетте тазалаганга аракет кылыш керек,бирок бул дуйнодо Аллах Тааланын окуму менен болот баардыгы!
+2
bazar
2015-04-17 14:32:50
Qnet, үйдө деле келемиш чычкан, ж. б адамга зыянкеч курт кумурскалар толтура го. Ооба, сен айткандай бардык нерсе "Аллахтын өкүмү" менен болот. Болбогон эле кичине нерседен заматта "давват" кыла бербей. Анда "Алланын өкүмү" болсо тийишпейли. Алланын өкүмүнө каршы чыккан күнөө болот.
0
Qnet
2015-04-17 15:10:48
bazar, мен даават кылган жокмун,болгону биздин олкодон береке кетти,жети уктасан тушуно кирбей турган жоруктарды кылып жатышат кыргыздар,эми табигый кырсыктардан Кудайым сактасын деп жатам!Биринчи Аллахтан сураналы деп жатам,адамдын кучуно эмес!Аллах кааласа кылган аракетине береке берет,каалабаса хоть башын менен жер казсан да эч нерсе жок!
0
Qnet
2015-04-17 14:10:05
Эх Кыргыз Элим, пейилибизди ондойлу,Аллахтын каарысынан коркойлу!Акыркы кундору Кыргызстанда акылга сыйбаган эле нерсе болуп баратат,дуа кылайлы,сураналы Жаратканыбыздан,болбосо биз ото бузулуп баратабыз,куноолорубуздун ичинде калкып сузуп журобуз,тообо кылайлы,гарантия бардай жашабайлы!
+2
deva
2015-04-17 14:11:05
Кайда жүрөт биз коргогон канаттуулар?! Же азыркы канаттуулар чегиртке жебей калганбы? Биз атайын үндүктөрүбүздү чегирткеси көп жерге жайчу элек айдап барып
0
Begimkyz
2015-04-17 16:03:46
Үндүктөрдү бага турган жер экен да.
0
nurik2103
2015-04-17 18:56:21
Бул чегирткелер мындай коп болсо ундукторду жеп койо турган туру барго
0
nurik2103
2015-04-17 19:00:59
ошол жайыттагы чоптор кимдерге керек болсо арким оздорунун жерлерине даары сееп чыкса еле жоголот
0
begai93
2015-04-18 03:26:40
Мурдаа биз мектепте окуп жургондо,кундо эртен менен вертолет самолет сыяктуу учкучтар менен атайын чегирткелерге даары себишчуу. Ошол жылы да аябай басып кеткен экен чегирткелер.Эмне азыр да ошентсе болбойт бекен?
0
begai93
2015-04-18 03:26:40
Мурдаа биз мектепте окуп жургондо,кундо эртен менен вертолет самолет сыяктуу учкучтар менен атайын чегирткелерге даары себишчуу. Ошол жылы да аябай басып кеткен экен чегирткелер.Эмне азыр да ошентсе болбойт бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан