Ширин Айтматова: "Бактамед" дарысын колдонгон 20 баланын буттары шал болуп калды"

"Өлкөдө "Бактамед" дарысын алып колдонгон 20 баланын буттары шал болуп калды". Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 17-апрелде ЖКнын депутаты Ширин Айтматова билдирди. Анын айтымында, аталган дары өзү чыгарылган мамлекетте сатылбайт, ал өзгөчө кедей өлкөлөргө коррупциялык схема менен экспорттолот.

Мыйзамга ылайык, республикада пайдаланууга берилген дары-дармектердин баары препарат чыгарылган мамлекетте да сатылышы абзел. КРнын Дары-дармектер менен камсыздандыруу департаменти "Бактамедди" 2008-жылы каттоодон өткөргөн. Ал эми ушул эле препарат Испаниядан чыгарыла баштагандан кийин 2012-жылы аталган мекеме аны кайрадан мыйзамдарды бузуу жолу менен каттатып койгон. Бул дары кийин кичинекей балдардын ден соолугуна зыян алып келди. Буга байланыштуу Дары-дармектер менен камсыздандыруу департаментинин директору Рустам Курмановду жоопко тартуу керек. Курмановдун ишмердүүлүгүнө карата айтылган сын-пикирлер буга чейин деле болуп келген, бирок Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Коргоо кеңеши айтылган айыптоолорго көңүл кош мамиле кылган”,- деди депутат.  

Айта кетсек, "Бактамед" дарысы дем алуу органдары (пневмония, өпкө абсцесси, бронхит, тонзиллит, синусит, орто отит), жыныс жана табарсык органдары (пиелонефрит, пиелит, цистит, уретрит, простатит, эндометрит), тери органы (импетиго, дерматит) инфекциялар менен жабыркаганда дарыгерлер тарабынан берилет.

Ошондой эле холецистит, холангит, бактериалдык септицемия, менингит, перитонит ооруларын да айыктырууга пайдаланылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
deva
2015-04-17 14:12:16
Кайсы ооруга колдонулат экен, жазып койсоңор болмок
+1
uragan007
2015-04-17 15:04:10
deva, жазылып турат.
+1
Qnet
2015-04-17 14:17:37
Ушундай нерселерди элди кенири маалыматтоо керек!
+2
magnat1013
2015-04-17 14:20:01
биздикилер препарат каяктан чыкты кантип чыгарылганын билбей эле колдоно беришет, самое главное андай нерселерди акчасына карабай а кымбат экен значить жакшы деп иштетишет, карангылыктан качан чыгат экенбиз
+3
fora
2015-04-17 14:50:43
Бул карангылык эмес карупсиянын онуккону врачтардын билимсиздиги
+3
airwater
2015-04-17 15:30:16
fora, коррупция
0
shiko
2015-04-17 16:10:02
Кудай сактасын жакында эле 13 кундук жээнибизге ушул дарыны салдырдык жотолуп калган эле.бат айыгып кетти
0
chubi
2015-04-17 16:58:40
Мен дагы жакында эле ушул дары алып, бетимдин баарына кызыл ирини бар жаралар чыгып, 2 ай аябай кыйналдым кетире албай, анализ дарыларыма эле 8000с. кетти.
0
Zarema94
2015-04-17 17:43:41
Айланайын, о0руунун турл0рун ?! Врач менен милицияга ишин тушп0сун деп бекер айтылбаган
0
orhidea83
2015-04-17 22:24:53
Ошто баардык поликлиникаларда ушул уколду жазышат 10 цефозолин алганча уч бактамед ал деп вообще ал эмне деген даары оздору толук билишпейт еще барсан канаатандырарлык карашпайт дет.врачтар.
+2
sarishka
2015-04-17 23:36:02
bizdin vrachtar srazuu ele en kuchtuu darulardi jazishat adamdun ubal soobunan korkush kerekta.
Pentsilin degen darunu degi ele jazushpait murun soiuzdun ubaginda ushul ele dari menen jotol pnevmanie j.b oorular aiugup ele jurchu da
asirki vrachtar sabatsuz oshonun zuiani karapaium elge tuiup atat
0
Manasemetei
2015-04-18 03:43:48
балдарда не айып .шалаакылардын айынан жаш балдарыбыз азабын тартабы эми.биздин келе4егибизго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан