Бүгүн, 17-апрелде өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында аскерлердин жана жетектөөчү кызматтагылардын аскердик тартибин жана абалын жакшыртуу тууралуу маселе талкууланды. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чараны өткөрүүдөгү негизги максат – аскер жамааттарында моралдык-психологиялык маанайды жакшыртуу боюнча так, айкын сунуштарды иштеп чыгуу жана аскер кызматчыларынын өлүмү менен майып болууларына жол бербөө үчүн чараларды көрүү.
Отурумга Коргоо кеңешинин, Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин, Аскер сотунун, Башкы прокуратуранын, “Жоокерлер энелери” республикалык комитетинин, “Кылым шамы” коомдук фондунун жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышышты.
Отурумдун жүрүшүндө Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабындагы Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн, Түштүк-Батыш регионалдык командачылыгынын кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелериндеги аскердик тартиптин абалы тууралуу баяндамалар окулду.