Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде сабаттуу жазууга багыттоо жана сабаттуу болууга үндөө максатында өткөрүп жаткан "Сабаттуу жазалы" акциясынын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын, кесиптик-техникалык окуу жайларынын, мектеп жана бала бакча мугалимдери катышкан. Жалпы жыйынтыкка караганда, бардык катышуучулардын саны 448ге жетип, анын ичинен “5” алгандардын саны - 9, пайыздык көрсөткүчү - 2, “4” алгандар - 171, башкача айтканда, 38 пайыз, “3кө” татыгандар 166 болуп, 37 пайызды түзсө, “2” алгандардын саны 102ге жетип, 22 пайызды түздү.
Биринчи жолу уюштурулуп жаткан бул акцияны коомчулук жакшы кабыл алып, депутаттардын арасында да өткөрүүнү сунуштоодо.