ЭЛДИК КАБАР: Орусияда кыргыз жараны Маматжан уулу Мухамбет 1 айдан бери дайынсыз болууда

Орусиянын Москва шаарында 23 жаштагы кыргыз жараны Маматжан уулу Мухамбет дайынсыз болууда. Бул тууралуу өзүн "Мухамбеттин инисимин" деп тааныштырган Муктар 17-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, Мухамбет 18-мартта үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. "Бир айдан бери дайынсыз болууда, кайда жүргөнүн эч кимге айткан эмес. Шаардагы достору да кошо издеп жатышат. Документтери жана керектүү буюмдарынын баары үйдө калган",- дейт иниси Муктар.  

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
banda-312
2015-04-17 18:30:05
Анда милицияга кайрылсанар
Аман болсун
0
kama_future_millioner
2015-04-17 18:31:44
Табылып калсын эми
+3
baba.
2015-04-17 18:39:48
спецприемдо болсо керек.Жашаган жердин участковыйына кайрылбайсынарбы.Мага да жардам берип таап берген спецприемдон.
+1
kobra86
2015-04-17 19:12:23
Аман эсен алты саны аман болуп табылсын.
+4
Meerima.Majitova
2015-04-17 19:14:24
Табылып калсын батыраак
0
kgmiko
2015-04-17 19:21:49
бирин бирин оч алуу учун жоголду деп жазгандарда коп акча алып качып жургондор бар ошондуктан кандайдыр бир конкреттуу далилдуу жанылыктар жарыяланыш элгектен откоруп анан жарыяласанар болмок жоголду деп эки кундон кийин табылды деп жатышат
+3
kutkeldisulu
2015-04-17 21:54:56
kgmiko, тушунуп атасынбы бир эки кун эмес бир ай деп атат кудайым башка тушкулук кылбасын дакументтери жанында жок болсо табылып калсын ылайым.
0
bom.bon
2015-04-17 19:57:25
Туну коп журот окшойтко.кайда болсо башы аман болсун!
-3
Lumia-800
2015-04-17 22:28:48
kgmiko: Сага эмне куч келди?
Тируу табылып калсын эми!
0
Akkaynt
2015-04-17 22:37:29
Кудай сактасын жоголду дегендер кобойдуго
0
Aksy-13
2015-04-18 00:07:11
Аман эле болсун да милицияга кармалган болуп таабылып калса экен четте жургон кыргызыма бир нерсе болсо эле корко тушом бир боорубузда барыбир, Милицияда болсо бирок дарегин же туугандарын сурап кабар беришмек да же депорт кылмак? Кайда болду экен бир ай убакыт байкуш башынан кандай кун отуп атты экен? Табылып калса кабарлап койгула кыжаалат кылбай!
+4
kobra86
2015-04-18 01:41:09
ата энеси кантип атат экен зээним кейип кетти Аллахым оз панахында асырасын аман табылып калсын
+3
begai93
2015-04-18 03:06:22
Эмнеси болсо да эсен аман табылып калсын.
+2
Meruet84
2015-04-18 07:10:56
Аллахым уйунуздорго эсен аман кайтарып берсин .
+3
ulanamirbekov
2015-04-18 12:42:54
Сахаровага фмске барыш керек, ошол жакта болушу мумкун
+2
Danel
2015-04-19 00:10:12
Былтыры жазда шашылык жегендеги суроту экен,бечара табылып калсын эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан