Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов арыз-даттанууларды, сунуштарды кабыл алууга өздүк электрондук дарек ачты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт. Бул дарек ӨКМнын ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу, коррупцияга жол бербөө, калкка жакындан жардам көрсөтүү максатында ачылды. Каалоочулар суроо-талап, сунуштар болсо «mchs-007kg@mail.ru» электрондук дарегине кат аркылуу кайрылып, пикир алышса болот.